Интерактивная страница9-классАлгебра
§1. Функциялар
9-класс Алгебра: функциянын аныкталуу областы, маанилеринин областы жана графиги.
Игры по этой теме
После материала закрепите тему игрой с классом — вопросы по этой теме. Нажмите на игру, и она сразу откроется с этими вопросами.
Материал загружается…
Открыть в новой вкладке
Слайды листаются стрелками ← → или кнопками на самом слайде.
О материале
«Алгебра» сабагынын 9-класс темасы: «§1. Функциялар» (3–5-беттер, М. Ималиев, А. Асанов, К. Жусупов, С. Искандаров).
1-аныктама: эгерде кандайдыр бир сан көптүгүнүн каалагандай x маанисине берилген эреже аркылуу (ал эрежени f деп белгилейли) y=f(x) саны туура келсе, анда бул сан көптүгүндө функция аныкталган деп эсептейбиз. Мында x өзгөрмөсүн көз каранды эмес өзгөрмө же аргумент, ал эми y өзгөрмөсүн көз каранды өзгөрмө деп аташат. Берилген f эрежеси аркылуу y=f(x) саны аныктала турган x сандарынын көптүгүн функциянын аныкталуу областы деп аташат, ал эми функциянын маанилеринин көптүгүн функциянын маанилеринин областы деп атайбыз.
2-аныктама: функциянын графиги деп, абсциссалары аргументтин маанилерине барабар, ал эми ординаталары функциянын ал аргументтин маанилерине туура келүүчү маанилери болгон координата тегиздигинин чекиттеринин көптүгү эсептелет. Сабакта y=4x³+x+2, y=(x−2)/(x+4), y=√(2x−6), y=√((x+3)/(x−4)) функцияларынын аныкталуу областтары табылат жана y=√x, y=√(x−3)−4, y=|x| функцияларынын графиктери түзүлөт.
- Тип
- Интерактивная страница
- Язык
- Кыргызча
- Размер
- 577 KB
- Обновлён
- 23 сентября 2026 г.