Интерактивная страница7-классКыргызстандын тарыхы

§1. Улуу Кыргыз дөөлөтү жана анын алгачкы өнүгүү жылдары

7-класс Кыргызстандын тарыхы: Уйгур кагандыгынын кыйрашы жана Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн түзүлүшү.

Игры по этой теме

После материала закрепите тему игрой с классом — вопросы по этой теме. Нажмите на игру, и она сразу откроется с этими вопросами.

Материал загружается…
Открыть в новой вкладке

Слайды листаются стрелками ← → или кнопками на самом слайде.

О материале

«Кыргызстандын тарыхы» сабагынын 7-класс темасы: «§1. Улуу Кыргыз дөөлөтү жана анын алгачкы өнүгүү жылдары» (7–11-беттер, Т. К. Чоротегин). Чыгыш түрк элдериндеги эң кубаттуу мамлекеттердин бири болгон Уйгур кагандыгынын ички абалы бир калыпта болбой, өз ара чыр-чатактар ырбай баштаган. 763-жылы манихей дини Уйгур кагандыгында расмий кабыл алынган, бирок кагандыкта теңирчиликке, буддизмге жана христиандык несторийчилер агымына ишенгендер да жашашкан. IX кылымдын 20—30-жылдарында ордо күрөшү курчуп, жыйырма жылдын ичинде алты каган алмашылган. Ага кошумча жут болуп, өлкөнү ачарчылык каптаган. Ошол кезде Кыргыз кагандыгынын экономикалык жана социалдык абалы дурус эле. Кыргыз каганы уйгур каганына ультиматум жиберип, 100 миң аскерден турган ири кошуун 840-жылы уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алган. Кыргыз каганы ордосун Эне-Сай өрөөнүнөн түштүккө — Лао-шань (Танну-Ола) тоосунун түштүгүнө көчүргөн. «Улуу Кыргыз дөөлөтү» терминин тарых илимине алгач академик Василий Владимирович Бартольд киргизген. 840—924-жылдардагы бул мамлекетти Улуу Кыргыз кагандыгы деп атоо жөндүү.
Тип
Интерактивная страница
Язык
Кыргызча
Размер
2,0 MB
Обновлён
23 сентября 2026 г.

Другие материалы этого раздела