Интерактивная страница5-классИнформатика

§1. Айлана-чөйрөдөгү объекттер

5-класс Информатика: объект, көптүк, объекттин аталышы, касиети, аракети жана абалы.

Игры по этой теме

После материала закрепите тему игрой с классом — вопросы по этой теме. Нажмите на игру, и она сразу откроется с этими вопросами.

Материал загружается…
Открыть в новой вкладке

Слайды листаются стрелками ← → или кнопками на самом слайде.

О материале

«Информатика» сабагынын 5-класс темасы: «§1. Айлана-чөйрөдөгү объекттер» (6–11-беттер, Т. Р. Орускулов, М. У. Касымалиев, А. А. Кузнецов, Л. Л. Босова). Объект – бул курчап турган реалдуулуктун (предмет, процесс, кубулуш) адам тарабынан бир бүтүн катары кабыл алына турган каалагандай бөлүгү. Телефон, стол, китеп, мышык – предметтер-объекттеринин мисалдары. Көптүк – бул объекттердин жыйындысы, топтому, коллекциясы; бул көптүктөрдү түзүүчү объекттер анын элементтери деп аталат. Көптүк чектүү (мисалы, цифралардын көптүгү) жана чексиз (мисалы, натуралдык сандардын көптүгү) болушу мүмкүн. Ар бир объект өзүнчө аталышка ээ: аталыш жалпы же жеке болушу мүмкүн. Информатика – бул жаратылыштагы, коомдогу, техникадагы информацияларды берүү, сактоо жана кайра иштетүү процесстеринин жүрүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн окутуп-үйрөтүүчү илим. Ар бир касиет кандайдыр бир чоңдук жана ал ээ боло турган мааниси менен аныкталат. Объекттин мүмкүнчүлүктөрү «Ал эмне жасай алат?» (активдүү аракет) же «Аны эмне кылса болот?» (пассивдүү аракет) деген суроолорго жооп берүүчү аракеттердин аталыштары менен белгиленет.
Тип
Интерактивная страница
Язык
Кыргызча
Размер
988 KB
Обновлён
23 сентября 2026 г.