Саҳифаи интерактивӣ9-классГеометрия
§43. Тегиздиктеги чекиттин координаталары
9-класс Геометрия: тегиздиктеги чекиттин координаталары жана кесиндинин ортосу.
Бозиҳо аз рӯи ҳамин мавзӯъ
Пас аз омӯзиши мавод мавзӯъро якҷоя бо синф дар бозӣ мустаҳкам кунед — саволҳо аз ҳамин мавзӯъанд. Бозиро пахш кунед, он фавран бо ҳамин саволҳо кушода мешавад.
Мавод бор мешавад…
Кушодан дар варақаи нав
Слайдҳоро бо тирчаҳои ← → ё тугмаҳои худи слайд варақ занед.
Дар бораи мавод
«Геометрия» сабагынын 9-класс темасы: «§43. Тегиздиктеги чекиттин координаталары» (168–170-беттер, И. Б. Бекбоев, А. А. Бөрүбаев, А. А. Айылчиев).
Тегиздикте бири-бирине перпендикулярдуу болгон жана O чекитинде кесилишүүчү эки окту алабыз. Горизонталдуу окту x аркылуу белгилеп, абсцисса огу, ал эми вертикалдуу окту y аркылуу белгилеп, ордината огу деп атайбыз. O чекити координаталар башталышы деп аталат. Координаталар башталышы жана масштаб бирдиги менен жабдылган перпендикулярдуу эки октун чогуусу тегиздиктеги тик бурчтуу декарттык координаталар системасын түзөт; аны xOy координаталар системасы деп кыскача белгилеп жазабыз. Координаталар октору тегиздикти төрт бөлүккө — чейректерге бөлөт.
x саны M чекитинин абсциссасы, y — ординатасы деп аталат; чекит M(x, y) түрүндө белгиленет. I чейректе x>0, y>0; II чейректе x<0, y>0; III чейректе x<0, y<0; IV чейректе x>0, y<0. O чекитинин координаталары O(0; 0). PQ кесиндисинин ортосундагы N чекитинин координаталары x=(x₁+x₂)/2, y=(y₁+y₂)/2 барабардыктары аркылуу аныкталат.
- Навъ
- Саҳифаи интерактивӣ
- Забон
- Кыргызча
- Ҳаҷм
- 1,1 MB
- Навсозӣ шуд
- 24 сентябри 2026