5E сабак планы
5E: кызыктыруу → изилдөө → түшүндүрүү → колдонуу → баалоо
Жүктөлүүдө…
5E — Кыргыз билим берүү академиясынын 2026-2027 методикалык сунушу. 3С+1Е (3С+1К) — диалог жана биргелешип иштөөгө басым жасаган 4 этаптуу модель
Форманы толтуруп, «Документти түзүү» баскычын басыңыз — даяр документ ушул жерде чыгат.
Даяр документти түз ушул жерден оңдоп, Word файлы катары жүктөп аласыз.
Лимиттер кандай иштейт
- 3 документ акысыз — бир жолу гана, кайра толбойт
- Күнүнө 20 документ
- Лимит ар күнү 00:00дө (Бишкек убактысы) жаңыланат
- Ийгиликсиз аракет лимитке кирбейт
- Өчүрүлгөн документ лимитти кайтарбайт
- Бир убакта 2 документке чейин түзүлөт
КР стандарттары · 2026-2027 окуу жылы · Word (.docx)
5E модели боюнча сабак планы
5E — сабакты беш этапка бөлгөн изилдөөчүлүк модель. Кыргыз билим берүү академиясы (КББА) аны 2026-2027 окуу жылына мектептерге методикалык сунуш катары берди. Бул барак сабак планын дароо 5E модели боюнча түзөт.
AI ар бир этапты сиздин темаңызга жараша толтурат: окуучунун кызыгуусун ойготкон суроо же кырдаал, өз алдынча изилдөө тапшырмасы, түшүнүктү түшүндүрүү, жаңы кырдаалда колдонуу жана максатка жеткенин баалоо.
Документте эмне болот
- 1E Кызыктыруу (Engage): көйгөйлүү суроо, сүрөт, кыска кырдаал.
- 2E Изилдөө (Explore): топтук же жуптук изилдөө тапшырмасы.
- 3E Түшүндүрүү (Explain): окуучулар тыянак чыгарат, мугалим жалпылайт.
- 4E Колдонуу (Elaborate): билимди жаңы кырдаалда колдонуу.
- 5E Баалоо (Evaluate): критерийлер, рефлексия жана үй тапшырмасы.
Кантип түзүлөт
- 1Форманы толтуруңуз. Класс, предмет жана теманы жазыңыз — калган талаалар милдеттүү эмес.
- 2«Документти түзүү» баскычын басыңыз. AI документти КР формасы боюнча бир мүнөттөй даярдайт.
- 3Текшерип оңдоңуз. Ар бир сапты ушул эле барактан түз басып өзгөртсөңүз болот.
- 4Word файлын жүктөп алыңыз. .docx файлын басып чыгарыңыз же шилтеме менен кесиптешиңизге бөлүшүңүз.
Көп берилүүчү суроолор
5E сабак планы салттуу пландан эмнеси менен айырмаланат?
Салттуу сабакта мугалим жаңы теманы өзү түшүндүрөт. 5E'де окуучу адегенде көйгөйгө кызыгып, өзү изилдейт, түшүнүктү андан кийин гана бирге жалпылайт — билим окуучунун өз аракети аркылуу келет.
Акысызбы?
Катталган ар бир мугалим бир нече документти акысыз түзүп көрө алат — саны барактагы «Лимиттер» бөлүгүндө жазылган. Жазылуу менен документтер күн сайын түзүлөт, лимит ар күнү 00:00дө (Бишкек убактысы) жаңыланат.
Документ Word форматында жүктөлөбү?
Ооба. Даяр документ .docx файлы болуп жүктөлөт — аны Microsoft Word, LibreOffice же Google Docs'то ачып, кааласаңыз дагы оңдой аласыз.
Кайсы тилдерде түзүлөт?
Кыргызча, орусча, англисче, казакча жана өзбекче. Кыргыз жана орус тилдеринде КББАнын расмий программалары жана КТПлары колдонулат.
Казакстандын формасы барбы?
Ооба. «Казакстан» деп тандасаңыз, документ Казакстандын формасы боюнча түзүлөт: КСП (кыска мөөнөттүү план), орто мөөнөттүү план, СОР/СОЧ тапшырмалары жана башкалар.