Интерактивдүү бет8-классДиндердин өнүгүү тарыхы
§1. Буддизм жөнүндө түшүнүк
8-класс Диндердин өнүгүү тарыхы: буддизмдин пайда болушу, Сиддхартха Гаутама жана буддизмдин өзгөчөлүгү.
Ушул тема боюнча оюндар
Материалды өткөндөн кийин класс менен ойноп бекемдеңиз — суроолор ушул темадан. Оюнду басыңыз, ал дароо ушул суроолор менен ачылат.
Материал жүктөлүүдө…
Жаңы өтмөктө ачуу
Слайддарды ← → жебелери же слайддагы баскычтар менен которуңуз.
Материал жөнүндө
«Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагынын 8-класс темасы: «§1. Буддизм жөнүндө түшүнүк» (5–10-беттер, А. К. Бектемирова ж.б.).
Буддизм – ислам жана христиан диндеринин катарындагы дүйнөлүк дин. Азыркы учурда 520 миллиондон ашык жолдоочусу менен дүйнөдө төртүнчү орунда турган эң чоң диндердин бири; ал дүйнө калкынын 7%нан ашыгын түзөт. Буддисттердин басымдуу бөлүгү (87% же 408 миллион) Азияда жашайт. Камбоджа, Таиланд, Мьянма, Лаос жана Бутан мамлекеттеринде буддизм мамлекеттик дин болуп саналат. Дүйнөлүк үч диндин ичинен буддизм эң байыркысы: ал б.з.ч. VI кылымда Индияда пайда болгон. Буддизмдин негиздөөчүсү – Сиддхартха Гаутама. Ал 35 жашында Бодхгая дарагынын түбүндө медитация кылып отуруп, 49 күндөн кийин «аруулануу» абалына жеткен жана өмүрүнүн кийинки 45 жылын өз окуусун таратууга арнаган. «Будда» – анын жолдоочулары тарабынан коюлган лакап аты. Будда өзү Кудайга ишенүүгө чакырган эмес, ошондуктан буддизм «теологиялык» эмес, нукура гуманисттик дин деп эсептелет.
- Түрү
- Интерактивдүү бет
- Тили
- Кыргызча
- Өлчөмү
- 1,7 MB
- Жаңыртылган
- 23-сентябрь, 2026