Интерактивдүү бет10-классХимия

§1.1. Органикалык химия предмети

10-класс химия: органикалык химия предмети, органогендер жана илимдин тарыхы.

Ушул тема боюнча оюндар

Материалды өткөндөн кийин класс менен ойноп бекемдеңиз — суроолор ушул темадан. Оюнду басыңыз, ал дароо ушул суроолор менен ачылат.

Материал жүктөлүүдө…
Жаңы өтмөктө ачуу

Слайддарды ← → жебелери же слайддагы баскычтар менен которуңуз.

Материал жөнүндө

Химиянын 10-класс темасы: «§1.1. Органикалык химия предмети» (7–11-беттер, С. Молдогазиева, Г. Иманкулова, Б. Кособаева). Илимде белгилүү болгон заттар эки чоң топко — органикалык эмес жана органикалык деп бөлүнөт. Бардык органикалык заттардын курамында көмүртек элементинин атомдору кездешет; көмүртек менен бирге суутектин атому дайыма болот. Органикалык молекуланы пайда кылуучу элементтер органогендер деп аталат. Органикалык заттардагы химиялык байланыштар коваленттүү, ошондуктан алар электролит эмес; 400°–600°C ге чейин ысытканда ажырап көмүргө айланат. Швед химиги Я. Берцелиус 1808-жылы «органикалык заттар» жана «органикалык химия» деген аттарды сунуш кылган. «Тиричилик күчү» жөнүндөгү виталисттик окуу Ф. Вёлердин 1824-жылы козукулак кислотасын, 1828-жылы мочевинаны синтездөөсү, А. Кольбе (1845), М. Бертло (1854) жана А. М. Бутлеровдун (1862) синтездери менен жокко чыгарылган.
Түрү
Интерактивдүү бет
Тили
Кыргызча
Өлчөмү
1,0 MB
Жаңыртылган
23-сентябрь, 2026