Интерактивті бет9-классГеометрия

§43. Тегиздиктеги чекиттин координаталары

9-класс Геометрия: тегиздиктеги чекиттин координаталары жана кесиндинин ортосу.

Осы тақырып бойынша ойындар

Материалдан кейін сыныппен ойнап бекітіңіз — сұрақтар осы тақырыптан. Ойынды басыңыз, ол бірден осы сұрақтармен ашылады.

Материал жүктелуде…
Жаңа қойындыда ашу

Слайдтарды ← → көрсеткілерімен немесе слайдтағы батырмалармен ауыстырыңыз.

Материал туралы

«Геометрия» сабагынын 9-класс темасы: «§43. Тегиздиктеги чекиттин координаталары» (168–170-беттер, И. Б. Бекбоев, А. А. Бөрүбаев, А. А. Айылчиев). Тегиздикте бири-бирине перпендикулярдуу болгон жана O чекитинде кесилишүүчү эки окту алабыз. Горизонталдуу окту x аркылуу белгилеп, абсцисса огу, ал эми вертикалдуу окту y аркылуу белгилеп, ордината огу деп атайбыз. O чекити координаталар башталышы деп аталат. Координаталар башталышы жана масштаб бирдиги менен жабдылган перпендикулярдуу эки октун чогуусу тегиздиктеги тик бурчтуу декарттык координаталар системасын түзөт; аны xOy координаталар системасы деп кыскача белгилеп жазабыз. Координаталар октору тегиздикти төрт бөлүккө — чейректерге бөлөт. x саны M чекитинин абсциссасы, y — ординатасы деп аталат; чекит M(x, y) түрүндө белгиленет. I чейректе x>0, y>0; II чейректе x<0, y>0; III чейректе x<0, y<0; IV чейректе x>0, y<0. O чекитинин координаталары O(0; 0). PQ кесиндисинин ортосундагы N чекитинин координаталары x=(x₁+x₂)/2, y=(y₁+y₂)/2 барабардыктары аркылуу аныкталат.
Түрі
Интерактивті бет
Тілі
Кыргызча
Өлшемі
1,1 MB
Жаңартылған
2026 ж. 24 қыркүйек