Бардык оюндар
Кыргыздын элдик оюну3D · класс үчүн

Жоолук
таштамай

Балдар тегерек болуп отурушат. Жоолук кимдин артына түшсө — ошол бала суроого жооп берип, таштаганды кубалайт. Кармалган бала ортого чыгат.

Бекер демону ойно
  • 6–20 бала
  • 10+ суроо
  • 1–15 мүнөт
Жайлоодо кызыл шырдактын үстүндө кыздар менен балдар аралаш тегерек болуп отурушат, бир бала колунда кызыл жоолук менен тегеректин сыртынан айланып баратат

Кантип ойнойбуз?

  1. Ысымдарды жаз

    Мугалим класстын кыздары менен балдарынын атын жазат — алар тегеректе аралаш отурушат.

  2. Жоолук айланат

    Жоолук кокус бир баланын колунда. Ал тегеректи айланып, бирөөнүн артына байкатпай таштайт.

  3. Артыңды кара!

    Бала жоолукту 1–3 секунддун ичинде байкайт, аны алып таштаганды кубалайт — дал ушул учурда ага суроо чыгат.

  4. Кармады же кутулду

    Туура жооп — жетип кармайт, таштаган бала ортого чыгат. Ката же убакыт бүтсө — таштаган бала бош орунга отуруп кутулат.

  • Алтын жоолукАр бир 5-раундда упайлар эки эсе.
  • Чагылгандай!3 секунддан тез туура жооп — +1 бонус.
  • 50/50Бүт класска 3 жардам: эки туура эмес жооп жашырылат.
  • АйыпОртодогу бала айыбын аткарып, тегерекке кайтат.

Класста кандай ойнолот?

  • Бир доска — бүт класс

    Оюнду проектордо же интерактивдүү доскада ачыңыз: тегерек, суроо жана таймер чоң экранда баарына көрүнүп турат.

  • Кезек баарына жетет

    Жоолук азыраак кубалаган балдардын артына түшөт — 20 бала болсо да бир эле бала кайра-кайра чыкпайт.

  • Аккаунт керек эмес

    Демо оюн каттоосуз ачылат: окуучулардын аттарын жазып, сабакта дароо баштай бериңиз.

Ортодогулардын айыбы

Кармалган бала ортого чыгып, картадагы айыпты аткарат. Мугалим «Аткарды» дегенде ал кийинки раундда тегерекке кайтат. Жөндөөдөн айыпты өчүрсө болот.

  • Жаңылмач
  • Табышмак
  • Макал
  • Ыр
  • Бий
  • 5 жолу отуруп-тур

Кантип баштайм?

Бекер

Демо оюн

Даяр суроолор менен. Каттоосуз эле баары ойноп көрө алат.

Демону баштоо
Каттоодон кийин

Өз суроолоруң

Суроолор банкында өз темаңды түз (кеминде 10 суроо) же BilimAi ботко түздүр — анан ушул жерден баштайсың.

PRO

Даяр каталог

Мугалимдер жарыялаган бардык темалар — жазылуусу бар колдонуучуларга.

Темалар

Көп берилген суроолор

«Жоолук таштамай» деген эмне?

Кыргыз балдарынын элдик оюну: балдар тегерек болуп отурушат, бирөө жоолукту кимдир-бирөөнүн артына байкатпай таштап кетет. Байкаган бала таштаганды кубалайт. Бул жерде кубалаган бала кармайбы же жокпу — аны суроого берилген жооп чечет.

Класста кантип ойнойбуз?

Оюнду проектордо же интерактивдүү доскада ачыңыз. 6дан 20га чейин окуучунун атын жазыңыз (кыздар да, балдар да 12ге чейин, демейки 6 + 6), оюндун убактысын (1, 3, 5, 10 же 15 мүнөт) жана жоопко убакытты (5–30 секунд) тандаңыз. Аты экранга чыккан окуучу доскага чыгып жооп берет.

Кармалган бала эмне кылат?

Ортого («казанга») чыгат, анын орду тегеректен жабылат. Картасында айып жазылат: жаңылмач, табышмак, макал, ыр, бий же 5 жолу отуруп-туруу. Мугалим «Аткарды» дегенде бала кийинки раундда тегерекке кайтат.

Бекерби?

Демо оюн бекер жана каттоосуз ачылат. Өз суроолоруң менен — каттоодон кийин, мугалимдердин каталогу — PRO жазылуу менен.

Суроолор кайдан алынат?

Суроолор банкында тема түзүп, кеминде 10 суроо кошуңуз (каалаган түрдө: бир же бир нече туура жооптуу, «туура/туура эмес» же жазма жооп). BilimAi бот да тема боюнча суроолорду түзүп бере алат.

Ким жеңет?

Упай ар бир баланыкы: кармаса +2, таштаган бала кутулса ага +1, 3 секунддан тез туура жооп +1, алтын жоолукта упай эки эсе. Аягында эң көп упай алгандар подиумга чыгат, «Кыздар vs балдар» упайы да көрсөтүлөт.