«Мен жана дүйнө» сабагынан 1-класстын окуучуларына **«Өсүмдүктөр дүйнөсүнө саякат»** аттуу кызыктуу интерактивдүү оюн-тест түз. **Тема: Өсүмдүктөр жана алардын бөлүктөрү** Оюн төмөнкү маалыматтардын негизинде түзүлсүн: - Өсүмдүктөр — жандуу организмдер. - Дарактар жана чөптөр — өсүмдүктөр. - Өсүмдүктөрдүн бөлүктөрү: гүл, жалбырак, сабак, тамыр. - Өсүмдүктөрдүн бөлүктөрү — гүлү, сабагы, жалбырагы, тамыры. - Өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн суу, жарык жана аба керек. - Өсүмдүктөрдүн бөлүктөрүнүн аталыштарын туура ажыратуу. - Өсүмдүктөр жөнүндө туура жана туура эмес билдирүүлөрдү аныктоо. **Оюнга коюлган талаптар:** 1. 10 суроодон турган оюн-тест түз. 2. Сүрөттөрдү колдонбо. Оюн толугу менен текст жана түстүү карточкалар аркылуу жүргүзүлсүн. 3. Ар бир суроо 1-класстын окуучуларына түшүнүктүү, кыска жана жөнөкөй кыргыз тилинде болсун. 4. Жоопторду тандоо үчүн 3 же 4 вариант берилсин. 5. Ар бир суроодо бир гана туура жооп болсун. 6. «Туура жоопту тап», «Сүйлөмдү толукта», «Туура же туура эмес», «Өсүмдүктүн бөлүгүн аныкта» деген тапшырмалар камтылсын. 7. Окуучу жоопту тандаганда дароо кайтарым байланыш берилсин. 8. Туура жоопко «Азаматсың!», «Мыкты!», «Туура таптың!» деген кубаттоочу сөздөр чыксын. 9. Туура эмес жоопко «Кайра ойлонуп көр!», «Дагы бир жолу аракет кыл!» деген билдирүүлөр берилсин. 10. Ар бир туура жооп үчүн 1 упай эсептелсин. 11. Оюндун аягында жалпы упай жана жыйынтык көрсөтүлсүн. 12. Дизайны 1-класстын балдарына ылайыктуу, ачык түстүү, кызыктуу жана оюнга окшош болсун. 13. Бардык тапшырмалар «Мен жана дүйнө» сабагынын өсүмдүктөр жөнүндөгү темасына гана тиешелүү болсун. 14. Орфографиялык каталар кетирилбесин. Кыргыз адабий тилинде жазылсын. **Оюндун башталышында:** «Салам, жаш изилдөөчү! Өсүмдүктөр дүйнөсүнө саякатка даярсыңбы? Билимиңди сынап, бардык тапшырмаларды аткар!» **Оюндун аякташында:** «Азаматсың! Сен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мыкты изилдөөчүсү болдуң!»
11 суроо · кыргызча
Жүктөлүүдө...