Бардык оюндар
Кыргыздын элдик оюну3D

Ак терек,
көк терек

Кыздар менен балдар кол кармашып тизилет. Чакырылган оюнчу чуркап келип чынжырды үзөбү же кармалып калабы — аны суроого берилген жооп чечет.

  • 6 кыз + 6 бала
  • Жоопко 10 секунд
  • 10+ суроо
Бекер сынап көрүү
Жайлоодо кыздар менен балдар эки катар болуп кол кармашып турат, ортодо бир кыз чынжырды көздөй чуркап баратат
«Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек?»«Бизге Айгерим керек!»

Кантип ойнойбуз?

  1. Чакыруу

    Бир команда «Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек?» деп кыйкырат.

  2. Оюнчуну тандоо

    Экинчи команда каршы тараптан бир оюнчунун атын атайт: «Бизге Айгерим керек!» Ал чуркап келип, чынжырды үзүүгө аракет кылат.

  3. 10 секундда жооп

    Оюнчу чуркап келе жатканда коргогон команда суроого жооп берет. Убакытты мугалим 5–30 секунд аралыгында өзгөртө алат.

  4. Бекем же үзүлдү

    Туура жооп — чынжыр бекем, оюнчу кармалып, коргогон командага кошулат. Ката же убакыт бүтсө — чынжыр үзүлүп, ал бирөөнү өз командасына алып кетет.

  • Алтын раундАр бир 5-раундда эки оюнчу бир убакта алмашат.
  • 50/50 жардамАр бир командага бир жолу: эки туура эмес жооп жашырылат.
  • Оюндун баатырлары«Темир кол», «Чагылган» жана «Эң тез жооп» аягында аталат.

Класста кандай ойнолот?

А Б ВBilimAiКанат, жооп бер!Суроо 3 / 12Кыргызстандынборбору кайсышаар?АОшББишкекВНарынГТаласБишкекБекем!
Аты аталган окуучу доскага чыгып жооп берет — туура болсо, чынжыр бекем!
  • Бир доска — бүт класс

    Оюнду проектордо же интерактивдүү доскада ачыңыз: суроо, таймер жана жооптор чоң экранда баарына көрүнүп турат.

  • Аты аталган окуучу жооп берет

    Экранда «Канат, жооп бер!» чыгат. Канат доскага чыгып жоопту өзү басат, ал эми командасы аны колдоп, жеңишке чогуу кубанат.

  • Аккаунт керек эмес

    Демо оюн каттоосуз ачылат: окуучулардын аттарын жазып, сабакта дароо баштай бериңиз.

Кантип баштайм?

Бекер

Демо оюн

Даяр 12 суроо. Каттоосуз эле баары ойноп көрө алат.

Демону баштоо
Каттоодон кийин

Өз суроолоруң

Суроолор банкында өз темаңды түз (кеминде 10 суроо) же BilimAi ботко түздүр — анан ушул жерден баштайсың.

PRO

Даяр каталог

Мугалимдер жарыялаган бардык темалар — жазылуусу бар колдонуучуларга.

Темалар

Көп берилген суроолор

«Ак терек, көк терек» деген эмне?

Кыргыз балдарынын байыркы оюну: эки команда кол кармашып тизилет, чакырылган оюнчу каршы тараптын чынжырын үзүүгө аракет кылат. Бул жерде чынжырдын бекемдиги суроого берилген жоопко жараша болот.

Класста кантип ойнойбуз?

Оюнду проектордо же интерактивдүү доскада ачыңыз. Кыздар жана балдар командасына 3төн 10го чейин окуучунун атын жазыңыз (демейки 6 + 6), жоопко убакытты тандаңыз — эки команда кезек менен жооп берет.

Бекерби?

Демо оюн бекер жана каттоосуз ачылат. Өз суроолоруң менен — каттоодон кийин, мугалимдердин каталогу — PRO жазылуу менен.

Суроолор кайдан алынат?

Суроолор банкында тема түзүп, кеминде 10 суроо кошуңуз (каалаган түрдө: бир же бир нече туура жооптуу, «туура/туура эмес» же жазма жооп). BilimAi бот да тема боюнча суроолорду түзүп бере алат.

Ким жеңет?

Оюнчусу экиден аз калган команда утулат. Раунддар бүткөндө оюнчусу көп команда жеңет. Аягында «Темир кол», «Чагылган» жана «Эң тез жооп» баатырлары аталат.